www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядан келген 23 жаран Кара- Суу районундагы Кашкар -Кыштак айыл аймагында "Кочкор-Ата" жеке клиникасына обсервациясына жаткырылган. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, обсервацияда "ысык суу жок,  чыгаргыла бизди" дешип кайрылышкан видеотасма социалдык тармактарга тараган.

Аталган видеотасма тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы төмөнкүчө түшүндүрмө берди.

“Эрте менен  ремонт иштерине байланыштуу бир саатка суу өчүрүлгөн экен. Кайра эле суу берилди. Палатада 2 ден жатышат. Имараттын ичинде 8 ажаткана  иштейт. Бул обсервация башка жерлерге караганда, салыштырмалуу шарты бир топ  жакшы. Жеке  клиникада жатышат.

Тиешелүү процедурасын аткарып Ош облусуна келген 23 жаранды жаткырдык. Анткени ошол Түркиядан келгендердин ичинен 1 жаранда коронавирус илдети байкалган. Ошондуктан, биз үйгө чыгарган жокпуз.

Биз аларды обсервацияга жаткырбай үйгө чыгарып жиберсек, ушул 23 адамдын арасынан вирус  алып жүргөндөр чыкса, коомго кооптуулук туудурат жана карантиндик талаптын шарттарына каршы келет. Ошондуктан, 14 күн обсервацияда жатышат...Калктын саламаттыгы үчүн түшүнүү менен мамиле кылышыңыздарды сурайбыз”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, акысыз өз клиникасын мекендештерге ачып шарт түзүп берген "Кочкор- Ата" клиникасынын ээсине терең ыраазычылыгын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости