www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда COVID-19 жуктургандар менен байланышта болгондорду текшеришет. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Ушул жылдын 25-апрелинен баштап Ош облусунун Ноокат, Өзгөн, Кара-Суу, Чоң-Алай райондорунун аймагында, короновирус илдетине чалдыккан жарандар жашаган айылдарда атайын дарыгерлерден түзүлгөн мобилдик топтор, байланышта болгондорду, үй карантиндегилерди обход жасай башташты.

Анда карантирдик талаптарды сактоо менен бул жарандардын дене табы текшерилип, ПЦР анализдери алынат.

Буга чейин 25-марттан тартып мобилдик бригадалар үй карантинде болгон Ош облусунун 11 898 тургунун карап, бүгүнкү күндө үй карантинден 9 138 жарандарды көзөмөлдөн чыгарышты.

Бүгүнкү күндө Өзгөн районунда 5 мобилдик топ 174 жаранды, Кара-Сууда 18 мобилдик топ илдет аныкталган 27 жарандын туугандары, жакындары болгон 301 жаранды, Чоң-Алайда байланыштагылардын баарын текшерди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости