www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 7-апрелден 8-апрелге караган бир сутка ичинде областын аймагында баары болуп – 22 кылмыш окуялар катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча коменданты Жеңиш Жоробеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн сутка ичинде Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 12, Сузак районунун аймагынан – 15 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде айып салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 85 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн. Ошондой эле аталган аймактардан - 74 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлган. 

"Өзгөчө абал киргизилген учурдан тартып пропуск алуу үчүн жалпы  -  17 миңден ашуун жарандарыбыз кайрылган. Алардын арыздары коменданттык штаб тарабынан кралып, бүгүнкү күнгө – 1200 дөн ашуун гана жарандын арызы канаттандырылып, пропусктар берилген.

Ошого карабастан бүгүнкү күнгө – Жалал-Абад шаарынын аймагынан өткөрмө кагазын жасалма түрдө жасап алган  - 3 факты аныкталып, КРнын Жазык кодексинин 359-беренесинин негизинде  документтердин жасалмасы болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.   

Ошондой эле,  өткөрмө боюнча ар кандай ушак айың кептер айтылып жатат, бирок биз ошону менен элдин көчөгө чыгуусун жөнгө сала алдык деп айта аламын, албетте өткөрмө ала албаган адамдар биздин дарекке ар кандай сөздөрдү айтышып, нааразычылыктарын билдирген учурлар жок эмес. Бирок бардык иш аракеттер элдин саламаттыгы үчүн көрүлүп жаткандыгын эскерте кетким келет.  

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесинде жасалма документтерди колдонуу үчүн 2 категорияда 2 жыл 6 айдан 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу каралган", - деп Жеңиш Жоробеков айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости