www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык соту Даниэл Ажиевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ажиевди буга чейин Биринчи май райондук соту СИЗО-1ге 2 айга камакка алынган.

Эске сала кетсек, 30 жаштагы Ажиев 26-мартта Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси (“Расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу (араздашуу)” боюнча айып тагылып, кармалган.

“Социалдык тармактарда жарандардын ар-намысына шек келтирген билдирүүлөрү талкууланып, ар кандай реакцияларга жана кыжырданууга себеп болду. Жек көрүүчүлүктү жана кастыкты тутандырган мазактоочу сөздөр жана коомдук терс сөздөр айтылган”, – деп Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости