www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков түз эфирде сутка ичиндеги кылмыш окуяларга жана комендаттык сааттын эрежелерин бузгандар боюнча төмөнкүлөргө токтолуп маалымат берди:

"2020-жылдын 26-апрелинен 27-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында  баары болуп – 13/12 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 5 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган жок.  

Андан сырткары күндүзгү алдын алуу жана түшүндүрүү иштери менен катар коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 2395 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан – 5, Сузак районунан – 2 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 89 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 74 автоунаа айып аянтчасына коюлган", - деп комендант баса белгиледи.

Ошондой эле брифингдин аягында жергиликтүү тургундарга кайрылуу жасап:

– “Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийип мыйзам  жана эпидемиялык-карантиндик эрежени бузуудан алыс болууга, тартипти сактоого чакырамын.

Ушул илдеттин алдын алуу, жугузуп алууларды болтурбоо жана жарандардын саламаттыгын, коопсуздугун сактоодо көптөгөн кызматтар биргеликте жумуш аткарылып жатат, бул иштерибиздин баары сиздердин ден соолугунуздар үчүн - “Биздин башкы максат - сиздин саламаттыгыңыз, урматтуу мекендешим”- деди Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости