www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө топ балдар тарабынан сексуалдык зордукка кабылган кыз кош бойлуу болуп калган. Бул тууралуу Vesti.kg жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, укук коргоочу Камиль Рузиевдин айтымында Караколдо сот күнөөсүн ырастаган далилдердин болгонуна карабай жаш кызды уурдап, зордуктаган деп айыпталган жаш жигитти актап койгон.

- Бул окуя 2008-жылы башталган, анда үч эркек 18 жаштагы кызды Караколдогу медициналык окуу жайдын имаратынын жанынан сейил бакка уурдап барышып, үчөөлөп зордуктап салышкан, - деп айтып берди ал.

- Ал учурда жабыркаган кыз туугандары менен жашаган, ал эми анын апасы Түркияда иштечү. Апасы окуяны билгенден кийин Кыргызстанга кайтып келген. Кийин зордукталган кыздын боюна бүтүп калганы белгилүү болгон, бирок, анын көзүнө операция жасалып, дарыгерлер бир нече жыл төрөгөнгө тыюу салышкандыктан, боюнан алдырууга туура келген.

Рузиевдин айтымында, ишти башынан алып барган тергөөчү зордуктоо фактысы топтук болгонун көңүлгө алган эмес. 19 жаштагы бир бала гана айыпталып, калгандары изделген дагы эмес. Уурдоо фактысы дагы илинтенбеген бойдон калган.

- Тергөөчүдө зордуктоо фактысын далилдеген экспертизанын жыйынтыктары болгон, бирок, ишке бул эч кандай таасир берген эмес, - деп баш чайкады ал. - Айыпталган баланын үй-бүлөсү кылмыш иши козголгонун укканда, бала кызды кайра уурдап кетип, никеге турууга мажбурлаган. Экөөнүн ортосунда ага чейин эч кандай мамилеси болбогонун белгилей кетүү керек. Кыз баланы таанычу да эмес. Экөө эки башка айылдан. Апасы кызды алып кетип, никеге тургузууга жол берген эмес. Шектүүнүн үй-бүлөсү башынан абдан өздөрүн агрессивдүү көрсөтүшкөнүн да айта кетүү керек: беттештирүү учурларында анын энеси кыздын апасына асылып, коркутууга барган.

Укук коргоочу бул ишти тергөөчү Мээрим Жаманакова алып барып, сотто судья Улан Суранчиев караганын кошумчалады.

- Азыр иш облустук сотко өткөрүлгөн, бирок, кыздын туугандары зордукчунун жазаланарына ишенбей деле калышты, - деди ал. - Кызды апасы Россиядагы агасына жиберүүгө аргасыз болгон. Укук коргоочулар учурда уурдоо, топтук зордуктоо жана мажбурлап никеге тургузуу фактылары боюнча кылмыш иштеринин козголушун талап кылышууда. Бирок, азырынча жыйынтык жок. Ал эми жабырлануучу өлкөдөн качууга мажбур болгон. Апасы акыйкаттык издеп, ар кайсы эшикти каккылап жүргөн маалда шектүү бейкапар үйүндө жатат. Ал ортодо бул ишти тергеген тергөөчү менен прокурор кызматынан жогорулап кетишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости