www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын Ленин районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде элдин тынчын алып, таң агарып кеткенче телевизордун үнүн бийик чыгарып алып "Даңазалуу доор" сериалын көргөн жаранга күч органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу интернет желесинде видео тарады.

Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, элдин тынчын алып жаткан жаран түнкүсүн телевизордун үнүн катуу чыгарып, элди уктатпайт. Кечээ, 26-апрелден 27-апрелге караган түнү сериал көргөн жаран коңшуларынын өтүнүчтөрүнө карабай, телевизордун үнүнү баспагандыктан, уктай албаган кошуналары милицияга кайрылышкан.

Түнкү саат 04-00 чамасында күч органынын кызматкерлери келишкен. Элдин тынчын алган жаран болжол менен 70 жашта, батирде жалгыз жашайт. Коңшулары бир канча жолу барып эшигин какса да ачпаганынан чочулап, улгайган адам үйдүн ичинде бир нерсе болуп калган жокпу деп да санааркашкан.

Күч органдары келгенде эшигин ачып "Өз үйүмдө эмне кылсам өзүм билем" деп орой мамиле кылып, эшигин жаап алып, алтургай милицияга кол көтөргөнгө чейин барган. Күч органдары аны алып кетебиз дегенде гана телевизорду өчүрүп коем деп убада берген. Коңшуларынын айтымында күч органдары узап кетээри менен телевизорду кайрадан күйгүзүп, таң атканда гана өчүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости