www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин Алмазар районунда мугалимдер менен ата-энелер мессенжерлерде президент Шавкат Мирзиёевдин карантиндик саясатын мактаган билдирүүлөрдү жазууга мажбурланып жатышат. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкери Telegram мессенжери аркылуу мектеп директорлоруна билдирүү жөнөтүп, вируска каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу жакшы маалыматтарды элге жеткирүүдө активдүү болууга чакырган. Өз билдирүүсүндө ал мугалимдер менен ата-энелер аткарылып жаткан иштер тууралуу башка колдонуучуларга жөнөткөн билдирүүлөрүн скриншот кылып, отчет катары көрсөтүп турушу керектигин белгилеген.

Мындан тышкары мугалимдерге өз атынан өкмөткө ыраазычылык билдирүү тапшырмасы да берилген.

«Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алган бейтаптарды бекер дарылап жаткандыгы үчүн элдин камын ойлогон президент Шавкат Мирзиёев жетектеген өкмөткө ыраазычылык билдирем. Өнүккөн өлкөлөрдө бейтаптарды акчага дарылап жатышат», — деп жазган райондогу мектептердин биринин мугалими.

Ата-энелер да класс жетекчилерден президенттин карантиндик саясатын колдоого аргасыз болушууда.

Өзбекстанда буга чейин мындай пропагандалык өнөктүктөр Жаштар биримдиги, Ташкент маалыматтык технологиялык университети, Гүлнара Каримованын «Маданият жана искусство» фонду, Улуттук коопсуздук кызматы, Маалымат жана байланыш агенттиги өңдүү уюмдар тарабынан жүргүзүлүп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости