www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 18-апрелинен 19-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында  баары болуп – 20 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 1 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак аймагы боюнча коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.

"Коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 1981 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 4 атуул, ал эми Сузак районунан – 12 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 127 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 118 автоунаа айып аянтчасына коюлган", - деди Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости