www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайлоого кантип көчсө болот? Коменданттын жообу

Нарында жайлоого көчүү үчүн санитардык-карантиндик посттордон өтө албай жаткандар үчүн Нарын шаары менен Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев жол-жобосун түшүндүрдү.

"Жайлоого чыгуу үчүн маршруттук баракча даярдаңыз. Кайсы жайлоого каяктан көчө турганыңыз көрсөтүлсүн. Мал доктурдан ар бир жандык үчүн эмдөөдөн өткөн деген справка алыңыз. Биз бул боюнча Нарын районунун акими менен сүйлөшүп, жарандардын көчүү-конуу иштерин бир убакытта кылалы деп жатабыз", - деди Аалиев.

Акыркы маалыматтарга таянсак, аймактагы эпидемиологиялык абалдан улам Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна 15-апрелден тарта өзгөчө абал киргизилген. Ушул тапта Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын саны 67ге жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости