www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант Жеңиш Жоробеков ак халатчандар менен жолугушту. Бул тууралуу аталган комендатуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда комендант Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жалпы жамаатынын жумуштарын мактоого алып, комендатурага байланыштуу суроолоруна жооп берди. Өз кезегинде медицина кызматкерлери жакынкы райондордон келип иштегендиктен блокпосттордон өтүүдө тоскоолдуктар жана көйгөй жаралып жатканын билдиришти.

Ошондой эле, кээ бир жарандар облустук ооруканага дарылануу боюнча көрсөтмөгө келээри айтылып, алардын кайра кайтууда кыйынчылыкка дуушар болуп жатканына токтолушту. Мындан сырткары, медицина кызматкерлеринин айлык маянасынын аздыгын белгилешип өттү. 

Комендант Жеңиш Жоробеков коменданттык саатка жана блокпостторго байланыштуу маселелерди жеринде чечип, алардын татаал жана жоопкерчиликтүү жумуштарын баалап, иштерине ийгиликтерди каалады.

«Бүгүнкү күндө илдет чыккан уюгунда өз өмүрүн жана ден соолугун тобокелге салып иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин эмгеги эбегейсиз зор. Ооруга чалдыккандарды аныктоо, аларды дарылоо, алар менен ошол процессте чогуу болуунун өзү да кыйынчылык. Бул илдетке, сыноого баарыбыз биринчи жолу кабылып жатабыз, бирок ошого карабастан медицина кызматкерлеринин өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудагы эмгегин көрүп мен комендант катары жогору баалап жатамын», – деди Жеңиш Жоробеков.

Өз кезегинде медицина кызматкерлери мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолорго жана алардын көйгөйүн укканы үчүн комендантка ыраазычылык билдиришти.    

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.1884941288.jpeg

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.244416112.jpeg

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.201799870.jpeg

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.1884941288.jpeg

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.201799870.jpeg

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.798542892.jpeg

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.1407078505.jpeg

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.1849342206.jpeg

http://www.media-center.kg/uploads/news/slider/1587272035.244416112.jpeg

 

Последние новости