www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезия, Таиланд жана Вьетнам өлкөлөрүнөн дагы 32 кыргыз жараны учуп келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жарандарын мекенине алып келүүдө Казак өкмөтү көмөк көрсөткөн.

"Кыргыз жарандары "Бангкок – Денпасар – Ханой - Усть-Каменогорск" каттамы менен учушкан. Алар Усть-Каменогорск шаарына келгенден кийин ал жакта эки күндүк медициналык байкоодо болушкан. Эки күндөн кийин атайын уюштурулган транспорт менен саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлеринин коштоосунда Кыргыз өлкөсүнө келишти. Учурда келген жарандар обсервацияларга жайгаштырылышты. Шериктеш мамлекеттердин көмөгү менен чет жакта калып калган мекендештерди алып келүү иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилйе кетсек, кыргыз жарандары Казакстанда эки күндүк карантинде алынганда, жаткандардын коронавируска карата тапшырган анализдери таза чыкканын казак басылмалары жазышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости