www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Комендант Жеңиш Жоробеков:

Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендант милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков брифинг алдында сутка ичинде болуп өткөн кылмыш окуялар жана коменданттык сааттын эрежелерин бузган атуулдар боюнча токтолуп кетти:

"2020-жылдын 23-апрелинен 24-апрелге караган бир сутка ичинде областтын аймагында  баары болуп – 17 кылмыш окуялар катталган болсо, алардын ичинен – 3 кылмыш окуялары коменданттык саат киргизилген аймактарга тиешелүү. Оор жана өхгөчө оор кылмыштар катталган жок.  

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн ушул күнгө чейин жалпы - 2211 жаран кармалып ШРИИБге жеткирилген болсо, анын ичинен сутка ичинде коменданттык сааттын эрежелерин бузган Жалал-Абад шаарынан - 2 атуул, ал эми Сузак районунан – 3 атуул ШРИИБге жеткирилип, айып пулдар салынган. Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 36 атуул ШРИИБге жеткирилип алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн жана 134 автоунаа айып аянтчасына коюлган", - деп комендант баса белгиледи.

Ошону менен катар, брифинг аягында эркин микрофон берилип, комендант өз кайрылуусунда:

-Алгач тартипти, тазалыкты жана өзгөчө абал эрежелерин сактоого үндөп атайын жасалган китепчелерди, (брошюра)көрсотүп, ошону менен катар ыйык Орозо айында жакшы тилек, амал жасасак, ырыскы, береке болот жана мүмкүн болушунча аярлуу катмарга жардам көрсөтөлү, биргеликте ушул илдетти жеңебиз" - деди комендант Жеңиш Жоробеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости