Ташкентте Жол кайгуул кызматынын инспекторлоруна күн сайын жок дегенде бир айдоочуну милиция кызматкерине "баш ийбегендиги" үчүн кармоого буйрук берилген. Бул тууралуу өзбек басылмалары аудиожазууга таянып жазып чыгышты.
Аудио жазуунун автору аудио жазуулардагы эркектин үнү Ташкенттин Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Азизхон Умархановго таандык деп ырастайт.
Үнүн жаздырган адамдын үнүнөн жазуу ушул жылдын апрель айынын башында жазылганын түшүнүүгө болот.
"Эгерде эртең менен жок дегенде баш ийбеген бирөөнү болсо дагы алып келсеңер, мен силердин упайыңарды көбөйтүп берем.
Алгач айдоочуга төмөнкүлөрдү айтып, кылдат түшүндүрүп беришиңиз керек: "Урматтуу жаран, сизге эскертилди, орой болбоңуз, мен мамлекеттик органдын кызматкеримин, мамлекеттик органдын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын бузган адамга административдик берене менен жоопко тартылат. Ошондо айдоочу сага: "Эй, эмне деп жатасың?" Меники туура деп орой мамиле жасай баштаганда, аны токтоосуз кармап, Кайгуул кызматынын аймактык бөлүмүнө же кароолго алып барыңыз, колуна кишен салып, токтоосуз УКМКга алып барасың. Бир аптадан бери биз адамдарга, айдоочуларга, эскертүү берип келебиз. Эгерде алар кармалып калса, биз аягына чейин басым жасайбыз ”, - деп жазылган үн жазууларында.
Эске сала кетсек, мындай кадам мамалекеттик казынаны толтуруу үчүн жасалып жатат деген божомолдор бар.
Булак: NazarNews.kg