www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте коменданттык сааты учурунда айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн жыйында билдирди.

Орозалиевдин айтуусуна караганда тартип сакчылар тарабынан эскертүүчү ок атылган.

“Лев Толстой  менен Алыкулов көчөсүнүн кесилишинде блок пост аркылуу “Toyota Windom” үлгүсүндөгү унаа тартипке баш ийбей өткөн. Унааны кууп Патриса Лумумба Ден-Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде кармаган учурда ичинде 2 азият улутундагы адам мас абалында кармалган. Алар Бишкек шаарынын тургундары болуп чыкты”, - деди Орозалиев.

Ошондой эле, борбор калаада 146 тартип бузган жаран кармалды. Алардын ичинен 13 аял, 133 эркек, анын ичинде 1 чет элдик жаран бар экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости