www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда жана Кочкор районунда жалган маалымат тараткан жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

 Маалыматка ылайык,  2020-жылдын 23-мартында КР УКМК ИИМ менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында КР жарандары1964-ж.т., Баткен областынын Кызыл-бел айылынын тургунуМурзакаримова Гульнара Араповна жана 1984-ж.т., Нарын областынын Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жумагулов Эрнист Ишенбаевич аныкталды.

Г.Мурзакаримова Баткен областындагы коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу жалган маалыматтарды тараткан.

 Ал эми Э.Жумагулов соцтармактар аркылуу Кочкор районундагы Кочкор санитардык постунда укук коргоо органдары паспортторду текшербестен, 200 сом алып кое берүүдө деген маалыматты тараткан. Г.Мурзакаримова жана  Жумагулов менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлгөн соң, алар кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурашты.

Учурда алардын кылган ишине юридикалык баа берүүгө багытталган иш аракеттер жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, коронавирус боюнча республикалык штаб күнү-түнү иштеп, 0(312) 88 16 84 ишеним телефону боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Белгилей кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости