www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 6-апрелден 7-апрелге караган бир күн ичинде областынын аймагында жалпысынан – 25 кылмыш окуялар катталган. Оор жана өзгөчө оор кылмыштар катталган эмес. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасы Жеңиш Жоробеков NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

"Коменданттык саат башталган күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейинки аралыкта – 229 кылмыш окуялар катталган болсо,  өзгөчө абал киргизилген Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагынан – 75 ар кандай кылмыш окуялар катталган. 

Андан сырткары коменданттык сааттын талаптарын бузуп, түнкү мезгилде коомдук жайларда жүргөн   Жалал-Абад шаарынын аймагынан – 3, Сузак районунун аймагынан – 1 атуул коменданттык сааттын эрежесин бузгандыгы үчүн ШРИИБге жеткирилип, жаңы кабыл алынган мыйзамдын негизинде ар бирине айып салынды.

Ал эми күчөтүлгөн алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларынын натыйжасында сутка ичинде жалпы – 100 атуул ШРИИБге жеткирилип, алар менен тиешелүү жумуштар жүргүзүлдү. Ошондой эле аталган аймактардан - 90 автоунаа кармалып айып аянтчасына коюлду", - деп Жеңиш Жоробеков айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости