www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-апрелде, элдик  Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу Апрель окуяларында курман болгон баатырларды эскерди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы «Ата-Бейит» Улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларын эскерүү мемориалына гүл койду. Куран окутулду.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын хроникасы тууралуу санариптик сүрөт жана видео материалдар, маалыматтар жана элдик Апрель революциясынын баатырларынын портреттери сакталып турган «Таазим» тарыхый-мемориалдык музейин көрүп чыкты. Эскерүү китебине Апрель окуясынын мааниси тууралуу пикирин калтырды.

Ошондой эле Саясий репрессиялардын курмандыктарына арналган мемориалга, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө жана 1916-жылдагы каргашалуу окуяда каза болгондордун элесине арналган мемориалга гүл коюлду.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты.

Президент Сооронбай Жээнбеков «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинен кийин борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арналган эстелик монументине гүл койду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости