www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Акун" ишканасы Бишкекте коюлган блокпосттордон өтө албай, жабылгандыгы тууралуу маалымат таратканына Бишкек шаарынын комендатурасынын басма сөз кызматы NazarNews маалымат агенттигине пикирин айтты.

"Буга чейин  Бишкек шаарынын коменданты тарабынан аталган ишкана бир нече өткөрмө баракчасын алган, ошондой эле бүгүнкү күндө “Акун” ишканасынына берилүүчү өткөрмө кагаздары Бишкек шаарынын комендатурасында даярдалып, бирок ишкананын өкүлдөрү тарабынан эч ким алып кеткен эмес",-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин "Акун" ишканасы: “Өткөрүү кагазын (пропуск) алуу үчүн тийиштүү документтердин бардыгын бир жума мурда эле бергенбиз. Бирок уруксат кагазын ала алган жокпуз. Ал эми биз берген документтер жоголуп кеткенин комендатурадан айтышты”, - деп айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости