www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-апрелде, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерришке кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин расмий сайты билдирди.
Сооронбай Жээнбеков БУУнун Башкы катчысынын мүчө мамлекеттерге карата күчтөрдү бириктирүү жана коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн 2 млрд АКШ доллары суммасына гуманитардык иш-аракеттерин баштоо боюнча глобалдык план түзүү демилгесин колдоду.
Президент коронавирус инфекциясынын пайда болушу жана тез жайылышына байланыштуу дүйнөдөгү болуп жаткан оңой эмес кырдаалга көңүл бурду.
Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын эпидемияга каршы багытталган чаралары жөнүндө айтып берип, коронавируска каршы күрөшүүдө дуушар болуп жаткан кыйынчылыктарды белгиледи.
Президент ошондой эле дүйнө өлкөлөрү «COVID-19дун» адамзаттын алдына койгон чакырыктарын жеңип чыгаарына ишенимин билдирди.
Булак: NazarNews.kg