www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медициналык кызматкерлерге 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөө маселеси каралууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Айнура Акматова бүгүн, 21-июлда брифингде билдирди.

Белгиленгендей, коронавирусту биринчи болуп жуктурган 40 медициналык кызматкерге компенсация төлөп берүү пландалууда.

Акматова белгилегендей, өлкө боюнча дарыгерлердин тизмеси түзүлүп, ар бир кызматкерди тастыктоо үчүн белгилүү документтер талап кылынган. Анын айтымында, комиссия бүгүнкү күндө төлөө маселесин карайт.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынын 28251 учуру аныкталды, анын ичинде дарыгерлердин арасында 2484 адам катталган. Ушул убакыт аралыгында оорудан сакайган адамдардын жалпы саны 14776 адамды түзөт. Коронавирус 1079 адамдын өмүрүн алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости