www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-июлда саат 16:20 чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту колоттордон сел жүрүп, Саргата айылынын Сатылганов көчөсүндө 3 турак үй, Атабеков көчөсүндө 4 турак үй жана Мадеш көчөсүндө 3 турак үй, жалпы 10 турак үйдүн короосун каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан сырткары Саргата айылынын Кодиков көчөсүнүн 240 метр ички чарбалык жолун каптаган. Жол каттамы ачык, бирок унаалар кыйынчылык менен өтүүдө. Ошондой эле Кодиков жана Сатылганов көчөлөрүн байланыштырган көпүрөнүн шакекчелеринин жээгин сел суулары жууп кеткен, жол каттам унаалар үчүн жабык.

Кырсык катталган жерге райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жергиликтүү тургундар тартылып, тазалоо иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн, 21-июль күнү жумуш улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости