www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Дарыгерлерге кошумча төлөнүүчү акынын механизми 4 категориядан турат. Азыркы учурда бир күнгө төлөнүүчү каражаттын өлчөмү жогорулады», – деп билдирди КР вице-премьер-министри Аида Исмаилова.

Анын айтымында, медкызматкерлердин 14 күн обсервацияда болуу мөөнөтү кайра каралып чыгып 7 күнгө чейин кыскарган. Ал эми бир күнгө төлөнүүчү сумма өзгөрбөй – 900 сом бойдон калууда.

Биринчи категория: Казармалык режимде иштеген кызматкерлерге (жугуштуу оорулар бөлүмү, ПИТ бөлүмү, реанимация, вирусологиялык лабораториялар, обсерваторлор, мобилдик бригадалар) 1 сутка үчүн төлөмдөр жаңы механизм боюнча төмөнкүдөй:

Дарыгерлер – 3000 сом (30%га көбөйдү)
Орто медперсонал – 2500 сом (25%га көбөйдү);
Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 2200 сом (22%га көбөйдү).

Ошондой эле, бул категориядагы медкызматкерлерге, обсервацияда жатканыдыгы үчүн 900 сом төлөнөт. Анын өлчөмү 7 күн үчүн 6 300 сомду түзөт.

Экинчи категория: Адаттагыдай режимде иштеген медкызматкерлерге (убактылуу түзүлгөн жерлерде, лабораториялар, СКП, блокпосттор, обсервация, мобилдик бригадалар) иштеген 1 сааты үчүн төлөмдөр:

Дарыгерлер, АУП – 130 сом;
Орто медперсонал –120 сом;
Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 100 сом.

Үчүнчү категория: Тез жардам кызматында иштегендерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир адамды жеткиргени үчүн төлөнөт:

Дарыгерлер, АУП – 750 сом;
Орто медперсонал – 600 сом;
Кенже медперсонал ТОП жана МОП – 500 сом.

Төртүнчү категория: Моргдо иштеген медкызматкерлерге кошумча акы COVID-19 вирусту жуктурган бир өлүктү сойгондугу үчүн төлөнөт:

Дарыгерлер, АУП – 1250 сом;
Орто медперсонал – 1000 сом;
Кичи медперсонал ТОП жана МОП – 800 сом.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости