www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Кой-Таш окуясы боюнча соттолгондорду сот процессине ташуу маселеси боюнча маалымат таратты.
Кыргыз Республикасынын “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамынын 44 беренесине ылайык, COVID-19 инфекциясынын жайылышы жана көбөйүшү менен анын Кыргыз Республикасынын жазык аткаруу тутумунда жайылышын алдын алуу максатында, Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматтын төрагасы буйругунун негизинде жазык аткаруу тутумунун кай бир мекемелерине өзгөчө шарттар боюнча режим киргизилген.
Ушуга байланыштуу жана азыркы эпидемологиялык кырдаалды эске алуу менен сот отурумдарына айыпкерлер менен соттолгондорду өтө зарыл болгон учурда гана тергөө абактарынан чыгаруу (жыйынтык чыгаруучу соттук отурум болордо же соттук аракеттер айыпкердин катышуусу жок өткөрүлүүгө мүмкүн болбогон учурларда), башка учурларда соттук отурумдарды онлайн режимде өткөрүү боюнча сунуштартар баардык тийиштүү сот органдарына айтылган.
Жазаларды аткаруу кызматынын маалыматтык автоматташтырылган базасынан алынуучу жана алмашуучу маалыматтар (модулдар) 2019-жылы иштелип чыгып, тийиштүү деңгээлде Башкы прокуратуранын кызматтары менен такташылган, 2020-жылдын май айында техникалык жактан кошууга тийиштүү сервер (программалык-адаптери) иштелип чыккан. Жазык аткаруу мамлекеттик кызматынын бул автоматташкан маалымат базасы «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” автоматташкан тутумуна, бир тараптуу маалымат берүү үчүн тесттик режимде инреграсиялап-кошууга даяр.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы соттук угуу үчүн аудио жана видео жазуу тутуму менен жабдылган, бул айыпталуучуларды, күбөлөрдү жана жабырлануучуларды видеоконференция аркылуу суракка алууга мүмкүндүк берет.
Соттолуучу Канат Осмоналиев боюнча
2020- жылдын 2-июлунда соттолуучу Канат Осмоналиев Бишкек шаарындагы №1СИЗОдон мээ травмасынын кесепети менен астеноневротикалык синдром (диагноз последствие черепно мозговой травмы.с астеноневротическим синдромом) диагносу менен Бишкек шаарындагы №47 мекемедеги Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын борбордук ооруканасына которулуп, 30-июлда ооруканадан дарыланып чыгарылган. Учурда ал аталган мекемеде үстүбүздөгү жылдын 6-августундагы соттолуучуларды ташуу этабы болгонго чейин кармалат.
Булак: NazarNews.kg