www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилекке каршы өлүмдөр көп болду. Буга байланыштуу патологоанатомдор, өлүк сактоочу жайда иштеген медициналык кызматкерлер үчүн да төлөм киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Аида Исмаилова билдирди.

Анын айтымында, мурунку стандарттар боюнча каза болгон жарандарды тейлеген кызматкерлерге (дарыгер) 1000 сом төлөнүп берилчү. Азыр 1250 сом болду, тактап айтканда 25 пайызга көбөйдү. Өлүк сактоочу жайда иштеген орто медициналык кызматкерлерге буга чейин ар бир каза болгон жаранды тейлегени үчүн 800 сом төлөнсө, азыр 1000 сомдон төлөнүп жатат.

«Ошондой эле орто жана кенже медперсоналга да кошумча төлөмдөр төлөнүп берилет. Ар бир каза болгон жаранды тейлегени үчүн 130 сом төлөнөт. Кенже медициналык кызматкерлердин 600 сомдук төлөмү 800 сомго чейин өстү. Мындан сырткары 130 сомдон кошулат», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости