www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү меценат, Райымбек Матраимов кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Кадырлуу кыргызстандык мекендештерим!

Сиздерди Жараткандын эң улуу күндөрүнүн бири — ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен ак дилимден куттуктайм! Бул күнү жалпы мусулмандар курмандык чалып, көзү өтүп кеткендерди эскеришет. Ага улай эле жан дүйнөбүздү аруулап, көөнөрбөс баалуулуктарды сиӊиребиз. Быйыл, мусулмандар үчүн ыйык күндү белгилөө өзгөчө шартта өтүп жатат. Акыркы бир ай ичинде элибизге келген апаат, тирүүлүктүн кадырын, баасын, кымбат экенин ого бетер далилдеп берди. 

Элге келген кырсыкта – кыргызстандыктар бириге алдык, жапа тырмак мамлекеттин жүгүн көтөрүп, туу түбүнө чогулдук. Ынтымак менен вирустун кесепетине каршы туруп, кеселдин жайылышын азайттык. Биздин уюшумдуу улут экенибизге, ынтымагыбызга кошуна элдер суктанышты. Мына, бүгүнкү ыйык майрам дагы ушул түшүнүктөргө, ынтымактуу жана кайрымдуу болууга үндөйт. 

Кымбаттуу мусулман бир туугандар!

Ыйык мекенибизде апаат болуп келген кырсыктан аман өтүп, оору-сыркоодон кутулуп кетели. Ар бир үй-бүлөдө тынчтык, жакындарыбыз менен түгөл болууну насип кылсын. Ыйык күнү тилеген тилектерибиз орундалып, эч ким жамандыктын сыноосуна кабылбасын деп тилейм! Кыргызстаныбызды Алла Таала өзү колдосун! - деди Райымбек Матраимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости