www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында компьютердик оюндарга азгырылып, балдар үйүнө тапшырылган баланы ата-энеси үйүнө алып кеткен. Бул тууралуу «Боорукердик» балдар үйүнүн жетекчиси Бермет Токтосунова билдирди.

Анын айтымында, баланы милиция кызматкерлери тапшырышкан. Ата-энеси кайра эртеси эле үйүнө алып кетти.

Буга чейин жергиликтүү басылмалар Ош шаарындагы рейд учурунда милиция кызматкерлери тарабынан тилемчилик кылып жүргөн 10 жаштагы бала кармалып, «Боорукердик» балдар үйүнө өткөрүлүп берилгенин жазган.

Балдар үйүнө өткөрүлгөн бала милиция кызматкерлерине Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Маале айылында жашай турганын айткан. Аталган айылдын башчысы Умидулло Нармурзаев ал баланы тааный турганын билдирген.

«Бул баланы кичинесинен эле тааныйм. Ата-энеси бар. Алардын үй-бүлөлүк абалы жакшы. Кармалган бала тилемчилик кылып тапкан акчасына компьютердик оюн ойнойт», - деген Нармурзаев.

Тилемчилик кылган баланын атасы Адылжан Абдуллаев баласы буга чейин уурулук да кылганын билдирген. Ал баласын «Боорукердик» балдар үйүнө өткөрүп берүүгө да макул болгон.

«Биз жакшы эле шартта жашайбыз. Бул менин жалгыз уулум. Баламды кантип тарбиялоону билбей жатам. Ал 3 жашынан бери көчөдө тилемчилик кылып акча таап, акчасын компьютердик клубдарга сарптап келген. Компьютердик оюндарга азгырылып кеткен. Менин сөзүмдү укпайт, үйдөн компьютердик клуб үчүн акча уурдап кеткен күндөрү көп эле болгон. Оюн деп үйгө деле түнөбөгөн күндөрү көп болду», - деген Адылжан Абдуллаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости