www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 29-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга финансылык кызматташуу жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2019-2020-жылдарга техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 25-июнунда кабыл алынган.

Кол коюлган макулдашууларга ылайык, Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташуу үчүн 2019-2020-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 41,8 млн. евро өлчөмүндө гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенди. Бул суммадан 21,8 млн. евро техникалык кызматташуу долбоорлоруна, ал эми 20,0 млн. евро финансылык кызматташуу алкагында берилүүдө.

Бул суммадан 21,8 млн. евро төмөнкүдөй техникалык кызматташтык долбоорлоруна берилет: «Перинаталдык саламаттык сактоого көмөк көрсөтүү» (4 млн. евро); «Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү» (6 млн. евро); «Кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү» (5 млн. евро); «Биологиялык ар түрдүүлүк» жана жаңгак токойлору менен жайыттарды муниципалдык колдонуу жолу менен жакырчылыктын деңгээлин кыскартуу (2,9 млн.евро); «Изилдөөлөр жана адистер фондун түзүү» (2,5 млн. евро); «Кыргыз Республикасында сапат үчүн мааниси бар кызматтарды пайдаланууга көмөк көрсөтүү» (1,4 млн. евро).

20 млн. евро финансылык каржылоо алкагында төмөнкүдөй долбоорлорду ишке ашырууга берилет: «Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы» (9 млн. евро); «Нарк жаратуу тизмеги» финансылык секторунун программасы"- коштоочу чаралар» (1 млн. евро); «Саламаттык сактоо боюнча сектордук долбоор» (10 млн. евро).

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости