www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жума этегинде К.Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын концерттик залында КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор, композитор Асанаалы Мурзабаевдин 80 жылдыгына арналган эскерүү маданий ишчарасы болуп өттү.
Алгач консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев, композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, музыка талдоочу Жамиля Маматова ж.б. А.Мурзабаевдин чыгармачыл бейнесине жылуу сөздөрүн арнашты.
Соңунда Асан агайдын ар кыл чыгармалары ойнолду. Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын 2- курсунда элем, өткөн кылымдын сексенинчи жылдары болчу. Фортепианодо эки саатча машыгып коридорго чыктым.
Эшиктин жанында арыкчырай келген бейтааныш бирөө турган экен. Мага келип тааныша кеттик. Асанаалы агай анда искусство институтунда сабак берчү. Эки күндүн биринде эле жолугуп турдук.
Профессионалдык музыкага болгон ышкымды кайраган, күчөткөн жана композитор болушума шык берген алгачкы жакын адамым болуп калды. Агайдын окутуусу алдында он жылча бирге жүрдүк.
Дегеним, М.Күрөңкеев окуу жайынан кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда кол алдында татыктуу тарбия алдым. Көз алдыма агайдын жөнөкөйлүгү, адамга кылдат мамилеси, эмгекчилдиги, принципиалдуугу тартылып турат.
Эгер эки күн жолукпай калсам, бирдемем кемип аткансып, сөзсүз түрдө жолугууга ашыкчумун. Агай экөөбүз профессионалдуу музыка боюнча сүйлөшө келгенде сөз түгөнчү эмес. Анан сөзсүз түрдө жазып аткан музыкалык чыгармаларымды талдоого убактысын кенен бөлчү.
Бир отурганда 3-4 саат отуруп коёр элек. Өзгөчө “инструментовка” деген сабагында симфониялык оркестрдеги ар бир музыкалык аспаптарды “коён жатагына чейин” үйрөттү. Асан агай экөөбүз бара-бара бир тууган болуп калдык. Андагы кызыктуу күндөрдү айта берсем, барак чак келбейт.
Аттиң, билбейм! Мындай адамдардын мааракесин мамлекеттик масштабда деле өткөрсө сонун болмок. Эскерүү иш-чарада маданият министри деле келип, эки ооз жылуу сөзүн айтып койсо, андан да мыкты болмок. Эмне дейли?..
Агайдын көзү өтсө да музыкалары түбөлүк калды, ушуга шүгүр. Өзү айтмакчы, “музыкаларым мен өлгөндөн кийин ойнолот” дегенин көп ирет уккан жайым бар, бул кашкайган чындык.
Маданий иш-чаранын соңунда Асема жеңем (агайдын байбичеси), уулу Медер, кыздары атайын дасторкон жайып, Асанаалы аганын арбагына багыштап куран окулду.
Агайымдын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
Булак: Азия News гезити