www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын түштүгүндө Boeing-737 жүргүнчү учагы кыйрады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты. Маалыматка караганда, "China Eastern авиакомпаниясынын Boeing-737 учагы Кытайдын түштүгүндө кыйрады", -  деп билдирди мамлекеттик телеканал. Маалым болгондой, кыйраган лайнердин ичинде 133 адам болгон.

Башка маалымат булактары билдиргендей, 360 телеканалы Кытайдын түштүгүндө China Eastern Boeing 737 жүргүнчү учагы кыйраган жерден кадрларды жарыялаган. Окуянын күбөсү алыстан тартып алган видеолордун биринде учак кулаган делген жерде көп түтүн көрүнүп турат. Жазууга ылайык, окуя тоолуу аймакта болгон. Дагы бир видеодо лайнердин сыныктары көрсөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости