www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конго Демократиялык Республикасында Эбола безгегинен каза болгондордун саны 3,5 миңден ашты. Бул тууралуу Конгонун Байланыш жана ЖМК иштери боюнча министрлиги билдиргенин ТАСС маалымдады.

Акыркы суткада эле Эбола илдетинен 35 адам каза болгон. Жалпы өлүм учурларынын саны 3510го жетти. КДРде Эбола вирусун жуктургандардын саны 7,2 миңден ашты. Өлүм көрсөткүчү 48,4 пайызды түзүүдө.

Ооруканаларда жана медициналык изоляция жайларында илдеттин белгилери бар 903 бейтап дарыланууда. Эбола вирусун жуктурган адамдар менен байланышта болгондорду көзөмөлдөө деңгээли 78,6 пайызга жетти.

Эбола илдетинин очогу КДРдин 26 провинциясынын жетөөсүнө жайылган. Илдеттин негизги очогу болгон Итури провинциясына катталган учурлардын 78 пайызы туура келет.

Эболанын азыркы очогу Конго Демократиялык Республикасында жана коңшу Угандада 15-майда башталган. Ал Африкада бул илдет боюнча катталган тарыхтагы өлүм саны боюнча экинчи ири очок болуп калды.

Уганда бийлиги июль айынын аягында өлкөдөгү Эбола эпидемиясынын аяктаганын жарыялаган.

Последние новости