www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев кайрадан президенттик шайлоого аттанат деген сөз тарады. Чын-төгүнүн өзү айта элек. Бирок талапкер болуу ниети чын болсо, Текебаевге бир топ ыңгайсыз суроолор берилери турган иш.

Анткени президенттикке аттануу, уйкудан чочуп ойгонуп, көзүнүн чылпагын сүртүп жөнөп калуу эмес. Айрыкча азыркы президент Садыр Жапаровго атаандаш болом деген саясатчы кечээги позициясы үчүн да коом алдында жооп берүүгө тийиш.

Кечээ бийликти сындаган саясатчы бүгүн ошол эле бийликтин чечими менен Германияга элчи болуп дайындалды. Ошондон тарта бийликти үнүнүн жетишинче, алынын келишинче мактап, жактап келди. Эми президенттик шайлоого катышса,  бийликтин кемчилигин “көзгө сайып” көрсөтө алабы? Мына ушул жерде Текебаевдин саясий позициясынын чыныгы салмагы таразага түшөт.

Анткени, президенттик шайлоодо “мен да президент болгум келет” деген каалоо аздык кылат. Себеби, “эмне үчүн азыркы президенттен мен жакшыраакмын” деген суроого жооп бериш керек. 

Албетте, Текебаев саясатта кечээ пайда болгон адам эмес. Чейрек кылымдан ашык убакыттан бери эл алдында жүрөт. Ошондуктан анын бүгүнкү сөзү кечээги сөздөрү менен салыштырылат. Бүгүнкү позициясы мурунку кадамдары менен өлчөнөт. Ал эми саясатта эң оор жүк, айтылган сөз, берген убадалары эле эмес, карама-каршы келген позициялары шайлоодо калкып чыгат.

Арийне, президенттикке талапкер болуу оңой. Президентке татыктуу атаандаш болуу башка кеп. Ал үчүн кечээ кызматта турганда бийликке кошомат кылган саясатчынын, бүгүн эле оппозиционер болуп чыгышы жетишсиз. Эл андан курулай сын, кургак сөз эмес, так позиция, жоопкерчилик күтөт.

Ырас, Текебаев саясатта такшалган, тажырыйбалуу инсан. Бирок анын саясий колдоосу учурда чеке жылытарлык деңгээлде эмес, коомду артынан ээрчите алары күмөн. Учурда өлкөдөгү саясий кырдаал башка, шайлоочулардын талаптары да өзгөрдү. Шайлоодо элге Жасалма интеллект менен жазылган программа же тарых маанилүү болбойт. Коомго акыйкаттык, реалдуу жагдай боюнча калыс көз караш керек. Аны айтууга саясий эрк болууга тийиш. Учурдагы Өмүрбек Текебаевде андай позиция байкалбайт. Анткени илең-салаңдык, арабөк арамза позиция алыска алып барбайт.

Последние новости