www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Русланбек Жакышов («Ишеним»): «Бир жумадан бери Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы менен №4 шаардык оорукананын башчысынын ортосунда эмне болуп жатканын баарыбыз көрүп турабыз», - деди.
Ал депутаттарга таластык аксакалдар келгенин, жаштар телефон чалып жатканын айтты. «Биз президенттин реформасын колдойбуз, министрдикин дагы колдойбуз. Бирок бул жерде «айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» дегендей болуп, таластыктар аферист деп, ошол ким аферист экенин далилдеш үчүн ушул жерге — улуу трибунага министрди чакырып берсеңиз. Биз таң калып жатабыз, Таластын эли Манастын урпактары, Чыңгыздын (Айтматовдун), Чолпонбайдын (Түлөбердиевдин) неберелерибиз деп жүрсөк.
Бүгүн келип алып, таластын элин, региондун элин айтып жатат. Конкреттүү ким аферист? Ошону айтып берип койсо, ошого министрди чакыртып берип койсоңуз», - дейт ал.
Депутат Марат Мураталиев («Ишеним») Таластан аксакалдар депутаттарга келип жатканын айтып, кесиптешинин сунушун колдой турганын билдирди. «Ушул жерге чыгып туруп, ошол кишини угуп, жанагы сөзүнө кандайча жооп берет экен? Азыр телевидениеден чыгып туруп, эки журналист менен айтып койду: "Мен Талас элинен кечирим сурайм" деп.
Андай кечиримди күтүп жаткан жок, кыргыз элинен кечирим сураш керек. Министр болгондон кийин байкап сүйлөш керек эле, ошол жерде. Реформасын колдойбуз биз, конечно. Бирок, могул жерге келип, чоң трибунадан, улук трибунадан кечиримди сурап койсун. Тиякта эл күтүп жатат.
Жаныбызды койбой жатат, биздин да. Биз да ошону сизден суранабыз, комитетке жөнөтпөй эле ушул улуу трибунага келип туруп, ушул жерден айтып, ошол кимдер аферист экенин далилдеп койсун. Болбосо, мындай нерселер жакшылыкка алып барбайт. Президент да иштерди жасайлы деп айтып жатат.
Экономика өнүгүшү үчүн дайым тынчтык керек. Ошону эске алуу менен чакырып туруп, бул жерден суроолорду берели», - деди Мураталиев.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда белгисиз адам министрдин үнүндөй үн менен Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда жалаң таластыктар иштеп жатканын айткан видео тараган.
Видеодогу адам: «Башкы дарыгерликке ким дайындасаңар да, башкысы таластык болбосун», - деген. Ошондон кийин Талас облусунун бир катар тургундары Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылышкан.
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев таластыктардан кечирим сурап, анын сөздөрүн туура эмес чечмелешкенин билдирген.
Булак: NazarNews.kg