www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку спикер, азыркы депутат Дастан Жумабеков элге күйүмүш боло баштады. Анын айтуусунда Жалал-Абад, Ошто  пахта, Нарында эт, картошка, Таласта буурчак эгишип экспортко жөнөтүшөт. Буурчактан Таласта жылына 70-80 миң тонна чет мамлекетке жөнөтүшүп, 80-100 миллион доллар табышмак. Өкмөт акча үчүн чуркап жүрсө, фермерлер буларды иштетип жатышат. Кызык нерсе, кечээ эле спикер катары ушундай махинациялардын башында турган Дастан Жумабековдун элди ойлоп калганы бир нерсени каңкуулап турат. Колунда парламент турганда бул маселени эмнеге көтөргөн жок? Деги ал спикер болуп турганда бир туугандары коррупциялык жол менен кызмат тепкичинен жылуусуна шарт түзгөн эмеспи?

Дастан Жумабеков «чимкирик» атка конгон парламентке спикер болуп жүрдү. Кантип спикер болду, үгүт учурунда анын артынан мыйзам бузулган фактылар каралып бир топ ирет айып пул салынып отуруп 22 миң сомдон ашып кеткен. Акыркы ирет да анын артынан түшкөн арызды БШК карап кудайдын парманы менен шайлоого талапкер катары чийилбей калды. Эми Дастан Жумабеков рахматын парламенттин экс-депутаты, азыркы БШКнын мүчөсү Искендер Гаипкуловго айтса болот. Искендер Гаипкулов да оңой жаңгак эмес, «таш» жаңгак. Убагында бир  партиянын алдыңкы тизмесине кирүүгө жулунуп барган Иманкадыр Рысалиевди депутат Искендер Гаипкулов четке тартып, “Имаке, сиз “Бажа-гейт” менен булганып калгансыз да, бул партияга  кошулсаңыз иш чатак, бул партия элдин добушунан куржалак калат” дегени бар. Ортодон дагы кер-мур кептер айтылып, кырды бычак кырдаалга жетпей калышканы каңкууланды. Ачууланган экс- премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы  Иманкадыр Рысалиев интрига отун тутандырып, альянска кошулуп аткан бир партияны коктудан ары каңгытып жибергени бар. Ошентип, бир партиядан бакыт табууга батынып, бирок, тилеги ташкапкан “Бажа-гейт” каарманы аламан оюндарына аралаша албай, шаабайы сууп, бир жерин кыпчыган боюнча Гаипкуловдун айынан парламенттен оолак кеткен. 

Парламентти башкарууга туташ сабатсыздарды алып келүү демилгеси 2017-жылы ал кездеги президент Атамбаев тарабынан көтөрүлгөн. Маркум сабаттуу Чыныбай Турсунбековду кызматтан алып,  ордуна сабатсыз Шаки жетектеген «Кыргызстан» партиясынан Дастан Жумабековду парламентке төрага кылып алып келген. Дастан Жумабековго окшоп сабатсыздыгынан алдына киши салбаган депутат комитет жетекчиси Тазабек Икрамов. «Таз тазды тааныйт» дегендей сабатсыз сабатсызды комитет жетекчиси кылат да. Дастан мырзанын эмнеге эмгеги сиңди? Бир гана Дастан Жумабеков келгени парламент «чимкирик» атка конду. Чала сабаттуу спикер Дастан Жумабеков парламенттеги «халтурщиктердин» катарын толуктап, мыйзам жазам деп чампалап жүрдү. Ал спикердин катарынан кеткен соң депутаттар чогулуп алып той беришкен дешет. Көрсө битин сыгып, канын жалап бизнестен келиптир. Өзү Москва, Астанага барып алып тантыды, «Франкфурт-на-Майнени» билбей «Майаме» деди. ««Макалё» деген сөз кайдан чыкканын билбейм», -дейт эми Дастан Жумабеков. Эгер ал өзү айтпаса ким ага жабыштырмак эле? Бул сөздүн маанисин бир билсе Жумабеков билер. Талас ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жумабеков Алмазбек Артисбекович Нарын ОИИБдин башчысы кызматына дайындалган. Алмазбек Жумабеков —Дастан Жумабековдун бир тууган агасы, булардын барына «крыша» болгон агасы Сабырбек. Кыргыздын кызыкчылыгын ар кимге сатып жүргөн «Дарс урган Дастан» аттуу бизнесменди медик акасы Сабырбек парламентке мурдунан жетелеп келген. Акасы мурунку бийликтерге каршы сөз айтмак түгүл, ачыбаган камырдай болуп арзыматтык кылып унчукпай жүрчү. Бизнесмен –миллиардер Атамбаев башы ооруганда ашлямфу алып берип, массаж жасап дарылай койо жүрүп, 2017-жылы үкасын мамлекеттеги №2 чи мансапка спикерликке ээ кылган. Спикер чүчкүрүп койсо премьер-министр да, министрлер да жок болчу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости