www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда коронавирус инфекциясы турукташа баштады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой брифингде билдиргенин казак басылмалары жазып чыгышты.

"Казакстан коронавирус оорусунун чокусунан өттү. Биздин милдет бүт элибиз үчүн жана бүтүндөй саламаттыкты сактоо системи үчүн өтө оор сыноолордо жеңген позицияны сактоо", - деген Цой.

Коңшу өлкөдө карантин режими июль айынын аягына чейин киргизилип, кийин дагы эки жумага узартылган.

Акыркы маалыматтар боюнча, бул өлкөдө коронавирус инфекциясы жалпы 92 миң 662 адамдан аныкталды. 793 бейтап каза болсо, 62 миң 511 бейтап айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости