www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Челябинск облусунун тургуну балдарынын көзүнчө аялына бир нече жолу бычак сайып, өлтүргөн. Аял ага телефонунун сыр сөзүн (пароль) айткысы келбей, анын көзүнө чөп салганын мойнуна алган. Бул тууралуу соттук отурумда 31 жаштагы Александр Алексеев билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыкты.

«Биз унаа менен баратып, аялымдын телефонунда пароль бар болгондуктан аны кызгана баштадым. Буга чейин ал телефондо эч качан пароль болгон эмес. Анан ал мени эң жакын досум менен көзүмө чөп салганын мойнуна алды», - деп айыпталуучу айтып берген.

Басылма ал жасаган ишине өкүнүп, «убакытты артка кайтара алса» андай жолго бармак эместигин айткан.

NazarNews_334286946952179851361537924324371627767.jpg

Анын камакка алынышын колдогон шаардык прокурордун жардамчысы Денис Бикеевдин айтымында, Алексеев эки айга камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн "д" пункту боюнча айып коюлган ("Киши өлтүрүү"). Ал кеминде 15 жолу бычак сайган.

Белгилүү болгондой, энесин атасы унаада өлтүрүп жатканын көргөн кыздарынын бири  окуядан кийин начар сүйлөп калган.

Алексеев өлтүргөн аялынын сөөгүн айланып басып жүргөн видеотасма  29-июлда социалдык тармакта пайда болду. Видеодо анын бадалга бычак ыргытып, машинага баратканы көрсөтүлгөн. Унаанын алдыңкы эшиктери ачык, балдар турган арткы эшиктер жабылган.

 «Бүттү, жансыз дене. Унаада эки бала бар, алар кичинекей », - дейт видеонун автору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости