www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда акыркы бир суткада 1 миң 636 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде COVID-19 илдети аныкталган 1 миң 636 адамдын ичинен 728 бейтапта вирустун симптомдору жок болсо, 908и илдеттин симптомдорун алып жүрүүчүлөр болгон.

Илдет жаңы аныкталгандардын ичинен эң көп Нур-Султанда (258), Алматыда (220) жана Атырау облусунда (184) калгандары башка аймактардан катталган.

Казакстанда жалпы 70 миң 339 адамдан коронавирус илдети тастыкталган. 42 миң бейтап оорудан сакайса, тилекке каршы 464 адам кайтыш болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости