www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-июль күнү 87 жаш курагында кыргыз адабият таануу илимине аты таанымал ири окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Абдыкадыр Садыков узакка созулган оорудан улам дүйнөдөн кайтты.

Ал ССР Илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Эл аралык Чыңгыз Айтматов коомдук академиясынын ардактуу академиги, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу болгон.

Абдыкадыр Садыков Садыкович 1933-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында туулган.

1953-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган соң, Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда, В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда окутуучу, Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунда ага илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун орун басары, директор кызматтарын аркалаган.

СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү, 1988-жылдан баштап Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин «Манас таануу жана дүйнөлүк адабият» кафедрасынын жетекчиси, профессору болуп эмгектенген, жүздөгөн адистерди даярдаган.

Абдыкадыр Садыков кыргыз адабият таануу тармагындагы ата мекендик илимий мектептин негиздөөчүсү болуп саналат, анын илимий жетекчилиги алдында илимдин 37 кандидаты жана 6 доктору даярдалган.

Садыков тарабынан 400дөн ашуун илимий эмгектер жарыяланып, анын 100гө жакыны китеп түрүндө жарык көргөн. СССРдин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланган. Жарык көргөн монографиялык эмгектеринин арасынан дүйнөнүн ондон ашуун тилине которулган «Улуттук жана интернационалдык адабият» (1970) жана «Кыргыз залкарлары» (2012-2013) деген аталыштагы он томдук эмгектерин белгилей кетсек болот.

Абдыкадыр Садыков улуу педагог, илимпоз жана коомдук ишмер катары замандаштарынын эсинде калды. Анын басып өткөн өмүр жолу кесипкөйлүктүн жана чыгармачылыктын бийик үлгүсү катары келечек муундар үчүн сыймыктуу өрнөк болот деп ишенебиз.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, кайгысын тең бөлүшөбүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости