www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда мындан ары алкоголдук ичимдик жана тамеки сатып алгандар тек-жайын тастыктаган документ көрсөтүшү керек. Тийиштүү норма жаңыланган Эл саламаттыгы жана саламаттык сактоо системасы тууралуу кодекске киргизилгенин казак басылмалары жазып чыгышты.
Эгер аларман тийиштүү документ көрсөтө албаса сатуучулар спирт ичимдиктеринен тартып тамекинин бардык түрүнө чейин сатпоого милдеттүү. Ошондой эле 21 жашка чейинкилерге аталган товарларды сатууга тыюу салынды. Эрежени бузган сатуучулар административдик жазага тартылат.
2021-жылдын 1-июлунан тартып тамекини сатуу текчелерине тизүүгө тыюу салынат. Анын ордуна тизмеси илинип, баасы көрсөтүлүшү керек.
Булак: NazarNews.kg