www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Банкка кол салган Өзбекстандын жараны-Каримов Сухроб болуп чыкты. Украинанын Ички иштер министрлиги аны психикалык жактан туруксуз деп эсептейт.

Киевдин борборундагы банкты басып алган киши - Өзбекстандын жараны. Бул тууралуу ZIK телеканалынын түз эфиринде Ички иштер министринин орун басары Антон Геращенко билдирди.

"Алдын-ала маалыматтарга караганда, террористтик акт менен коркуткан адам Өзбекстандын жараны - Каримов Сухроб Рахманович, 1988-жылы 25-мартта туулган. Социалдык тармактардагы баракчасына караганда, ал психикалык жактан туруксуз адам. Биз анын ниеттери канчалык олуттуу экендигин жана анда чынында эле жардыруучу зат  бар экендигин билбейбиз. Ошондуктан, азыр сүйлөшүү стратегиясы тандалды", - деп жазган Геращенко Facebook баракчасына.

Белгилүү болгондой, болжол менен саат 12де белгисиз адам банктын филиалына кирип, рюкзагында бомба бар экенин айткан. Ошол эле учурда, ал банктын бардык кызматкерлерин коё берген. Ал эми бөлүм башчысы өз каалоосу менен калган.

Укук коргоочулар бул аймакты курчап алышкан жана баскынчы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

 Каримов Сухроб ага теледен түз эфирге чыгууга мүмкүнчүлүк берүүнү талап кылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости