www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асель Кадырбекова сакайып, ооруканадан үйүнө чыгарылды

Жол кырсыгына кабылып, ооруканада жаткан Асел Кадырбекова сакайып ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору, академик Сабырбек Жумабеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Асел өз үйүндө. Жакшы болуп, өзү басып жүрө алат, өз алдынча тамак ичип калган. Азыр ага жолдошу, ата-энеси, жакындары кам көрүшүп, моралдык колдоо көрсөтүшүүдө. Ырчынын ден соолугу жакшы, бирок толук калыбына келе элек. 

Эске салсак, 26-июнда ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, оор абалда ооруканага жаткырылган. Анын акырегине операция жасалып, ал ийгиликтүү өткөн.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости