www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү адам курмандыктарына алып келген суу ташкынына байланыштуу көңүл айтты. Маалыматты президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдирди.

"Көптөгөн адамдардын өмүрүн алган жана бир топ кыйроолорго алып келген Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү масштабдуу суу ташкыны тууралуу кабарларды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан суу ташкынынын кесепетинен туугандары менен жакындарын жоготкондорго чын ниеттен көңүл айтам, жабыр тарткандарга болсо тез арада сакайып кетишин каалайм", - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпин башында турган Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилигине кытай эли табигый кырсыкты сөзсүз жеңип чыгарына жана тез арада кадимки турмушту калыбына келтирерине ишенерин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости