www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйнөгө кеңири жайылган коронавирус инфекциясынан толук айыктырчу дары азыркы учурда дүйнөдө жок жана дары эч качан болбой калышы дагы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебреисус билдирген.

"Учурда бир катар вакциналар үч фазалуу клиникалык сыноолордо турат. Бардыгыбыз инфекциянын алдын алууга жардам бере турган натыйжалуу вакциналарды алабыз деп үмүттөнөбүз. Бирок учурда коронавируска каршы идеалдуу дары жок жана дары эч качан болбой калышы дагы мүмкүн", - деген Гебреисус.

Тедрос Аданом Гебреисус буга чейин коронавирус пандемиясынын толкундары ондогон жылдар бою сезилип турарын айткан. 

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 18 миллион 117 миң 821 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости