www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюлдук телефонду карактап алган деген шек менен 22 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 2-август күнү саат 12:13 чамасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош облусунун Коммунист айылынын тургуну Т.Ф аттуу жаран арыз менен кайрылган, себеби, 2020-жылдын 1-август күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Моминов көчөсүнүн кесилишинде, бейтааныш жашы 20-25 чамасындагы атуулдар газ-травматикалык тапанчасы менен коркутуп “Айфон-6” үлгүсүндөгү кол телефонун карактап алып кеткендигин билдирген.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБнын ыкчам тергөө тобу жеринде чыгып, кароо жүргүзүп, тиешелүү иш кагаздары жыйналган.

Бул кылмыштын изи сууй электе Ош ШИИБнын КМКнын кызматкерлери тарабынан, кылмышка шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган Б.Н. жана К.у.Э. аттуу тургундары кармалды.

Шектүү катары кармалган Б.Ннын айдап жүргөн “ВАЗ 2107” үлгүсүндөгү автоунаасына тергөө кызматы тарабынан күбөөлөрдүн катышуусунда кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, аталган автоунаанын ичинен жабырлануучу Ф.Тга таандык болгон “Айфон 6” үлгүсүндөгү уюлдук телефон далил буюм катары алынган.

Окуя 2020-жылдын 2-август күнү Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту менен Ош ШИИБнын КжЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Учурда, жогорудагы арызда көрсөтүлгөн газ-травматикалык тапанчасынын бар же жоктугун тактоо максатында иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кылмышка шектүү катары кармалган Б.Н. жана К.у.Э Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости