www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда коронавирустан 77 жаштагы бейтап каза болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Ташкент шаарынын тургуну 7-апрелде карантинге алынган. Алгач анын өнөкөт бронхит илдети менен ооруп жатканы белгилүү болгон, кийинчерээк коронавируска тест алынып, жыйынтыгы вирустун белгилери бар деп чыккан.
“Бейтап Ташкент шаарындагы ооруканалардын бирине которулган. Бирок ал эки тараптуу бронхо-пневмония, өпкөнүн шишип кетиши жана дем алуунун жетишсиздигинен улам каза болду”,- деп айтылат маалыматта.
Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда коронавирус менен ооругандардын саны 1 миң 565ке жетип, анын 225и айыкты. Илдеттен 5 адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg