www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Тюмень шаарында эркек жана аял кишинин майыптар арабасында отурган кемпирди сабап жатышканын күбө видеого тартып алып, ал видеотасма социалдык тармактарга тарап кеткен. Жергиликтүү маалымат булактары жазгандай, улгайган адамга кол көтөргөндөр жубайлар болуп чыккан. 

Маалым болгондой, видеонун автору сыртта ызы-чуу болуп жатканын угуп, көзү жакшы көрбөгөндүктөн телефондун камерасына окуяны тарта баштаган. Бирок алардын кемпирге болгон мамилесин түшүнгөндөн кийин аларды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды урбоого чакырган. Бул сынга үй-бүлө ачууланып, "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды кароо абдан оор" деп жооп беришкен. Видеону тарткан адам "Тез жардам" менен полицияга кабар берген. Анын айтымында, алар кемпирди бутуңа тур деп мажбурлап, сабашкан.

Видеодо майыптар арабасында отурган кемпирди аял бутуна бир нече жолу андан соң бетине да чаап жибергени көрүнөт. Күйөөсү арабаны артка-алдыга жулкулдаткан.

Учурда бул түгөйлөрдү укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармап кетишкен. Алар нервденип жатып ушул окуя орун алганын айтып беришкен. Ал эми улгайган аял ооруканада, медициналык жардам алып жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости