www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Конституциялык палатанын жыйынына айрым журналисттер менен “Реформа” партиясынын мүчөлөрүн киргизбей коюшту.

Рита Карасартова жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө КПнын жыйындар бөлмөсүнө коопсуздук кызматкерлери кирүүгө жол бербей койгонун айтып, муну коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу менен түшүндүрүшкөнүн айтты.

«Партиянын төрайымы Клара Сооронкулова менен бир нече журналисттер гана киргизилди. Алар аралыгында бирден отургуч бош калтырып, аралыкты сактоо эрежесин карманып жатышат. Пандемияга байланыштуу чаралар көрүлдү деп айтылууда. Башка журналисттер жолугушууну коридордогу экран аркылуу көрүп жатышат », - деп кошумчалады ал.

Эске салсак, буга чейин «Реформа» партиясы жана юристтер бирикмеси президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдын айрым ченемдерин токтото турууга каршы арызданышкан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости