www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Самарканд шаардык соту аялын колдонулган памперстеги заңды жеөөгө мажбурлаган жергиликтүү тургун Шехроз Каримовду алты жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу өбек басылмалары жазып чыкты.

Ага ылайык, 36 жаштагы Каримов «Өз жанын кыюуга жеткирүү» жана «Ден соолукка атайылап орто деңгээлдеги залал келтирүү» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылды.

Сотто Каримов күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып,етке каккан. Жабырлануучу Мустахкам Вахобова сот өкүмү менен макул экенин билдирди.

Өткөн жумада прокурор соттон Шехроз Каримовду 8,5 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөнү кабарланган.

Быйыл жайында Самарканддын тургуну Мустахкам Вахобованы күйөөсү катуу сабап жатканы тартылган видео Интернетке жарыяланган. Аял журналисттер менен жергиликтүү блогерлерге күйөөсү сегиз жылдан бери мас болгондо сабап, кемсинтип келгенин айткан. Маектеринин биринде ал бир жолу күйөөсү үч күн мурда колдонулган памперстеги заңды жеөөгө мажбурлаганын билдирген.

Бул видео Интернетке жарыялангандан кийин Каримов үйүнөн качып кеткен. 23-августта ал Ташкентте кармалып, Самаркандга жеткирилген. Бул иш боюнча сот 12-ноябрда башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости