www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга келген гуманитардык жардамдар боюнча маселе жаралууда. Атайын комиссия түзүлдү, алар чет жактан келген жана жергиликтүү элден берилген техникалык, каржылык жана гуманитардык жардамдардын таратылышын иликтейт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева айрым маалымат булактарына билдирген. 

"Чет элдик донор, өнөктөштөр менен сүйлөшкөндө, жардамдардын жеткиликтүүлүгүн сурап жатышат. Алар жардамдар боюнча комчулукта отчет жоктугуна кызыгып, талап коюуда. Андыктан комиссия иликтеп, коомчулукка маалымат беребиз", — деди Сурабалдиева.

Вице-премьер-министр мындан сырткары "Тез жардам" унааларынын саны боюнча да так маалымат берилбей жатканын сынга алды. Маселен, Ош облусунун расмий отчетунда 90 "Тез жардам" унаасы бар экени көрсөтүлгөн. Бирок текшере келгенде 40тан ашуун гана унаа болгону аныкталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости