www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагында учурда беш Эркин экономикалык аймак иш алып барат. Алардын ичинен экономикага алгылыктуу салым кошкону Бишкек Эркин экономикалык аймагы гана эсептелинет. Калган ЭЭАларда жакшы шарттардын жоктугунан инвесторлор келбей жатат. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин Отун энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда айтылды.

Учурда Бишкек ЭЭАсында 300 дөн ашуун ишкана катталып, алардын алтымыштан ашыгы иш жүргүзөт. Талкуу учурунда Бишкек Эркин экономикалык аймагынын жетекчиси Кудрет Тайчабаров ишкерлерге шарт түзүүнү жакшыртуу керектигин белгиледи. Анын айтымында ЭЭА боюнча мыйзамдар ушул убакытка чейин 14 жолу өзгөртүлгөн. Бирок, натыйжалуу иш жүргүзүлбөй келет. Муну менен катар эле өлкөдөгү аткезчилик ЭЭА аймагындагы ишкерлерге чоң сокку уруп жатканын белгиледи. Мындай пикирди эл өкүлдөрү да колдоого алып, тийиштүү мыйзамдарды кайрадан карап чыгуу учур талабы экендигин билдиришти.

Ал эми комитет төрагасы Кожобек Рыспаев ЭЭАга келген ишкерлерге шарт түзүп, экономикага салым кошуу керектигин белгилеп, Өкмөттү дагы, Жогорку Кеңешти дагы кызыкдар болууга чакырды. Ошондой эле тез арада тийиштүү мыйзамдарды карап чыгып, Парламентке сунуштоо керектигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости